Бүгүн, 7-июлда Франциядагы Европа чемпиондугунун жарым финалында Германия курамасы үй ээси Франция менен беттешет. Жыйынтыгында чемпиондукка башкы талапкер болгон бул командалардын бири мелдеш менен коштошмокчу.
Германиянын курамынан айып кагаздарын катары менен алганына байланыштуу Матс Хуммельс ойнобойт. Ошондой эле Марио Гомес, Сами Хедира сыяктуу немис футболчулары жаракаттарына байланыштуу майданга чыга алышпайт. Франциянын курамында болсо баары жайында: жаракат алган жана айып кагаздарын катары менен алып, ойнобой турган оюнчулар жок.
Тарыхта Германия курамасы Франция менен 27 ирет кез келген. 12 ирет француз футболчулары жеңишке жетишсе, 9 беттеште немис футболчулары утуп чыгышкан. 6 беттеште тең чыгуу катталган.
ГЕРМАНИЯ-ФРАНЦИЯ
Марсель шаары. "Велодром" стадиону
Калыс: Никола Риццоли (Италия)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)
Кошумчалай кетсек, бул жуптуктун жеңүүчүсү мелдештин финалында Португалия курамасы менен беттешмекчи. Жарым финалда утулган командалар 3-орунду ээлешет. Башка мелдештердегидей 3-орун үчүн оюн өткөрүлбөйт. Финал 10-июлда орун алат.
Жарым финал:
6-июль. Португалия-Уэльс - 2:0
7-июль. Германия-Франция
Финал:
10-июль. Португалия-Германия/Франция