Чүй облусунда 16 жаштагы Элиза Сулайманова изделүүдө

Чүй облусунун Москва районунда 16 жаштагы Элиза Сулайманова изделүүдө. Ал 29-июнь күнү саат 11:00дө Беловодск айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бүгүн, 7-июлда берген маалыматына караганда, Элиза Сулайманованын бою 160-165 сантиметр, көзү, чачы кара түстө. Үйүнөн кеткен күнү ал көк түстөгү жынсы шым, кара түстөгү бут кийим, боз кофта кийип жүргөн. Көргөн-билгендер (0312) 43-01-27, (0550) 22-17-17, (0701) 15-85-81 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюшса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
leilek_suluktu
2016-07-07 16:02:32
Ата энесинен таарынган болсо керекда
-1
beka1207
2016-07-07 16:09:37
leilek_suluktu,
Ошондой эле болсун да
0
lolo.1
2016-07-07 16:10:35
Жакшына кыз экен молтуроп.табылып калсын
+1
Missing-u
2016-07-07 16:34:11
super Suzakta jogolgon 4-jash kyzdan kabar barby tabyldyby
0
Arslan12
2016-07-07 18:26:20
Тируу эле табылып калсын эми, молтурогон суйкумдуу да кыз экен!
0
Elmar
2016-07-07 18:36:38
Эртен эле чыгат апасына таарынып курбусунукунда журуптур деп....
+1
bekiw.801
2016-07-07 20:12:59
Тунку саат 11 де балээ барбы кочодо? Кыздардын саат 9 кийин уйдо болгону жакшы, анткени балээнин баары тундо болот. Тундо жургон кыздарга эркектин баары башкача ойдо
-5
ruslanz
2016-07-07 22:33:01
bekiw.801, Саат 23 эмес, 11 деп турат.
+5
Nurkyz1977
2016-07-08 11:22:30
Кундуз саат11де деп турса каякты карап тунку 11 деп жатышат. Аман эсен табылып калсын ар созду айтып табалабай жакшы тилек кылып койсонор оозунардагы жакшы созду да аяп калбай. Чакпаган жылаан олбосун деген соз бар эч ким жамандык корбосун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан