ТОП-Лигада 2 айлампада 42 оюн ойнолуп, 150 гол киргизилди, 10 оюнчуга кызыл айып кагазы көрсөтүлдү (статистика)

Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын экинчи айлампасы аяктады. Азырынча мелдеш жадыбалында "Алай" жана "Дордой" командалары көч башында келүүдө. Чемпион 10-сентябрда баштала турган 3-айлампанын жыйынтыгында аныкталат. Анда командалар дагы алтыдан беттеш өткөрүшөт.

ТОП-Лигадагы тыныгуу учурунда алгачкы 2 айлампада катталган статистикаларга орун бермекчибиз.

Оюндардын саны – 42

Голдордун саны – 150

1 оюнда киргизилген голдордун орточо көрсөткүчү – 3,57 гол

Эң көп гол жараткан команда – "Алай" (35 гол)

Эң аз гол жараткан команда – "Ала-Тоо" (10 гол)

Эң көп гол өткөргөн команда – "Кара-Балта" (45 гол)

Эң аз гол өткөргөн команда – "Алай" (8 гол)

Пенальтилердин саны – 15

Голго айланган пенальтилер – 14

Дарбазачы тосуп алган пенальти 1

Көрсөтүлгөн сары айып кагаздарынын саны – 110

Көрсөтүлгөн кызыл айып кагаздарынын саны – 10

Эң көп эскертүү алган команда – "Алга" (24 сары, 2 кызыл айып кагазы)

Эң аз эскертүү алган команда – "Абдыш-Ата" (11 сары, 1 кызыл айып кагазы)

Эң көп күйөрман топтогон команда – "Алай" (31 020 күйөрман)

Эң аз күйөрман топтогон команда – "Кара-Балта" (6450)

Бишкек шаарында өткөрүлгөн оюндардын саны – 19

Ош шаары – 10

Кант шаары – 6

Кара-Балта шаары – 5

Жалал-Абад шаары – 2

Мелдеш жадыбалы:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sher.ella
2016-07-07 18:52:08
Ар бир облустан 1-ден команда киргизсе сонун болмок
+1
kgalik
2016-07-07 22:24:00
sher.ella,оа жакшы десен, бирок шарттарыбыз
барда биринчи лигада ойнойт, ал жерде жакшы жыйынтыктарды багындырса анан жогорку
лигага жолдомо алат.
+1
Futuro
2016-07-07 22:50:55
Операторлорго атайын тартчу жерлер жок го дейм э? Крышага чыгып тартышып. Башка элдер көрбөсүн. Негизи топ ойночу талааларда атайын вышкалар коюлат го, четтерге рельстер, бир четинде СтедикамОператор кабели менен.
0
Khabib
2016-07-07 23:50:57
Алай алга
+3
Ulanbek1992
2016-07-08 00:25:58
Алай силерге ийгилик, дүйнөгө таанылган команда болгула..
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан