Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы 11 жылга эркинен ажыратылды

Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-июлда Жогорку Сотто Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Жолдош Атабаевдин иши каралган. Анда соттук коллегия Ош облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Айта кетсек, буга чейин Ош облустук соту Жолдош Атабаевди күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кол алында иштеген кызматкерлерден пара талап кылып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
avaz-t02
2016-07-07 21:29:46
Тартиптин аз да болсо орноп жатканы мени кубандырат! Коррупциядан арылайлычы тезыраак эле!
0
sgushenka
2016-07-08 01:00:46
Мындай иш м.н камалгандардын мисалы, 10нунан 2су соттолуп камалса калган СЕГИЗИ кайра эле берчусун берип кутулуп кетет. Булар болгону элге как бы РЕЗУЛЬТАТ иштеп коррупцияны тыйганы калдык деген.
+1
simone
2016-07-08 12:55:32
Эми козу ачылсын паракорлордун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан