Кытайдагы суу ташкынынан улам жүз миңдеген турак жай суу алдында калды (фото)

Кытайдагы суу ташкынынан улам жүз миңдеген турак жай суу алдында калды. Чет элдик маалымат агенттиктери тараткан маалыматка караганда, суу ташкынынан Кытай Эл Республикасынын Гуанси, Хунань, Хубэй, Сычуань жана Хэнань провинциялары көп зыянга учураган. Жалпы 1,5 миллион адам эвакуацияланып, 200дөн ашык адам каза тапкан. Ошондой эле Хунань провинциясындагы 3,5 миң гектар айыл чарба аймактарын суу каптаган. Суу ташкынынын келип чыгышына бир нече күн бою тынымсыз жааган жамгыр себеп болгон. Азырынча келтирилген чыгымдын 7 миллиард доллардан ашканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Nur-Aman
2016-07-07 17:40:04
тируулой торпок куйкалап жегиле эми суунун устундо... Жаныбардыда айсанар боло...
-3
Nur-Aman
2016-07-07 17:41:51
Ким корду, торпокту тируу эле куйкалашкан видеосун?
0
Ashygym
2016-07-07 18:10:58
Nur-Aman,мен коргом! Жыланды да тируулой кайнап жаткан сууга салышканында коргом. Аллах оз жазаларын берсин
+5
Abdyrawit
2016-07-07 21:27:05
Nur-Aman,Интернеттен мен видеосун коргом
0
Myrat
2016-07-12 17:51:27
Nur-Aman,Мэнда кѳргѳм торпокту тирүүлѳй куйкалаган видиосун .
0
MIRAN
2016-07-07 17:46:59
Аллахда жазалайт.Чычкандан баштап эшеке чейин ХХХ ХХХ ХХХ
+1
admin_portal
2016-07-08 18:09:35
MIRAN, башкалардын улутун мазактоого, кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
Arslan12
2016-07-07 18:26:56
Кудай сактасын!
+4
zairbek09
2016-07-07 19:00:08
Чочко багышатко
-1
Alkash-kyz
2016-07-07 19:11:30
Кытайлар эмнени жесе деле жараша берет.Динине,тамак-аш маданиятына туура келсе эмнеге болбосун жегенге.Ансыз деле 1,5 млрд.калкы бар.Күнүнө кара курсагы үчүн жашагандар миллиондоп саналат.Бул ташкындоо жыл сайын,жай мезгилинде Кытайда болуп турчу көрүнүш.Хуанхэ жана Янцзы дарыяларынын таасири бар бул ташкындарга.Кайдагы чымын-чиркейди күнөөлөбөй Аллага тобоо кылып,абстрактуу ойлонуп жазгылачы алтындарым!...
+2
sabyrov.s
2016-07-07 20:31:04
Президенти суюнгондур кудайга рахмат айтып, аз болсо да аламы азайды
0
Kara-balta
2016-07-07 22:50:39
Кудай сактаа не деген шумдук бул ия
0
jemile
2016-07-08 00:06:12
Эми каапырларга деле "Аллах" деп жата калбай, мындай адамча бололучу..

Эч бир күнөөсү жок сыйдадай сүйлөйсүңөр тообо... "Аллах жазасын берсин" деп, бул табият кырсыгы дейт...
0
Aramisa
2016-07-08 05:02:52
Аллахымын каары жаман мусулман момун бир тугандарыбызды аянтка алып чыгып буткул жер жузуно шылдын кылды эле.
0
Jazi89
2016-07-08 09:02:42
Жогору жактагылар тобосу канып суйлоптур го тобо кудай сактасын айттырбай келген кырсыктан эртен эмне болобуз бир гана кудай билет Кудай бардыгына бирдей кытай болобу кыргыз болобу ,просто бул жерде динге болунгонбуз
+1
Кайрат
2016-07-08 17:35:44
Өтө эле динчил болуп баратабыз кайдагы кыта
+1
Кайрат
2016-07-08 17:44:43
Боёкчу боёт десе сакалын кошо боёт болуп өтө эле динчил болуп баратабыз. Кайдагы кытайды деле табалап Аллах эле Аллах жазасын берет деп тим эле силер Алланын өкүлү болгондой. Сөз деп эле оозуңарга келгенди оттоп ойду тоону жаза бербей кудай деп жөн жүрсөңөр. кырсык каш кабактын ортосунда демекчи ар бир адамзаты жер бетинде тынч аман бололу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан