Ырчы Абир Касенов "Ишеним" аталышындагы автордук ырлар жыйнагынын бет ачарын өткөрдү

Борбор калаадагы эс алуучу жайлардын биринде ырчы Абир Касенов "Ишеним" аталышындагы автордук ырлар жыйнагынын бет ачарын өткөрдү. Ырчыны чыгармачылык ийгилиги менен куттуктап кесиптештери, достору келишти. Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү белгилүү ырчылар Жийдеш Идирисова, Омар, Арсен, Нурсултан Азыкбаев, Аяна Касымова, рэп ырчылары Баястан, Бегиш, "тамашоучу" Санжар Мыкыев жана башкалар кеченин көркүнө көрк кошуп, өздөрүнүн жана дүйнөлүк хит ырларды аткарып жатышты.

Абир Касеновдун айтымында, автордук ырлар жыйнагын жарыкка чыгарууга 10 жылдай убакыт кеткен. "Чынын айтсам, 10 жыл ушул ырлар жыйнагын жарыкка чыгаруу үчүн даярдандым. Тагыраагы, чыгармалардын үстүнөн иштөө, изденүү процесси узакка созулду. Жыйнакка "Я тебя люблю", "Сүйгөнүм", "Образ твой", "Вера в любовь" жана башка жалпы 16 ыр кирди. Чыгармаларды жазууга 2-3 жылдай убакыт кетти", - дейт Абир Касенов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан