Евро-2016: Франция курамасы Германияны утуп алды, финалда Франция-Португалия беттеши орун алат (фоторепортаж)

8-июлда Францияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпиондугунун экинчи финалчысы аныкталды. Франция курамасы учурдагы Дүйнө чемпиону Германияны утуп, финалда Португалия менен ойномой болду. Марсель шаарындагы "Велодром" стадионунда өткөн беттеште 2:0 эсеби катталды.

Алгачкы 45 мүнөттүктүн аягында француз футболчулары пенальти тебүү укугуна ээ болушту. Бул чечимди калыс Бастиан Швайнштайгердин топту колу менен тосуп алганына байланыштуу чыгарды. 11 метрлик айып соккусунда Антуан Гризманн топту көздөгөн чекитине таамай багыттап, эсепти ачты. Кийинки голду ошол эле Гризманн 72-мүнөттө жаратты.

Беттеште Германия курамасы мыкты оюнун көрсөтө алган жок. Атаандаштын коргонуусун жарып кирүүдө, мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууда аларды ийгилик коштогон жок. Команда топко ээлик кылганы менен, коргонууга ыктап, каршы чабуул уюштуруп жаткан Франция курамасы "немис машинесине" бир топ ыңгайсыздык жаратты.

Ушуну менен Германия курамасы чемпиондук жарыштан четтеп, 3-орунду ээледи. Франция курамасы болсо финалда 10-июлда Португалия курамасына каршы турат. Чемпионду аныктай турган оюн "Стад де Франс" стадионунда өтөт.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Португалия курамасы Уэльсти утуп, финалга чыккан. Уэльс жана Германия курамалары 3-орун үчүн беттеш өткөрүшпөйт, себеби жобо боюнча жарым финалда утулган командалар автоматтык түрдө 3-орунду ээлешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Ashygym
2016-07-08 04:04:52
Топ тоголок туугандар! Германияга жан тартып жаттым эле, утулуп калышты. Айла жок! Бирок ушул денгээлге чейин оюн корсоткондоруно ыраазымын!
0
aidar.5115
2016-07-08 06:39:04
эй ызылдабагылачы
-3
Aksy.24kg
2016-07-08 07:27:19
Кече Франция финалга чыгат десем ишенбейсинер..!
-5
arawan
2016-07-08 08:00:34
мына сага серепчилер айтты эле италия германия оюнунда ким женсе ошо чемпион деп топ тоголок серепчилер гризманндын колу финалда ылдый тушот буюруса финал хе трик роналду
-7
USSRKG
2016-07-08 11:36:40
arawan,Ал нерсе тушунордо да болбойтко. Франция уже Чемпиоооон! Башындале айткам Атуан Гризман бомбордиир.Атлетиконун атынандагы Роналдону бетке чапкандай болдун Гризмаан. футболканы жыттап кетесин эми роналдо Франция учун португалия дагы саперникби ха ха! лучше 1-0 го женилип берсин а то Франция 3-0 же 4-0 го женет. ЭЭ Атуан Гризмаан бомбалачы дагы.
-2
sher.ella
2016-07-08 08:05:39
Буйурса франция чемпион
0
naiman.90
2016-07-08 08:29:59
Француздар эми ясагыла портуну.
-8
naiman.90
2016-07-08 08:34:34
Финалда Роналдодон покер Наниден хет трик Куарежма м.н Санчестен дубль кутом!
+2
USSRKG
2016-07-08 12:31:56
naiman.90, Учоосун Гризман озу эле алдап койсо керек.
-4
Kiyal4499
2016-07-08 09:11:07
Португалия чемпион болот буйруса
+4
Arsen.D
2016-07-08 09:16:00
Оа португалия чемпион болот.
+1
Alixan-Nookat.2015
2016-07-08 09:47:49
Алга Португалия алга Роналдо ийгилик каалайм!
+1
saytash11
2016-07-08 11:13:48
Кечиргиле туугандар! Германияны колдогон болчумун, тилекке каршы жеңиш талаа ээлерине жүз бурду. Тоголок топ чынында. Өз үйүңдө дубалың да коргойт дегени чындык. Эмнеси болсо да, "Немец машинасы" мыкты бойдон калчудай мен үчүн. Порту жана Франциянын күйөрмандарына ийгилик!
+2
admin_portal
2016-07-08 12:45:21
Futuro, порталдын башка колдонуучуларын мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат! Сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу сизге түбөлүк БАН!
+1
bekos2012
2016-07-08 16:05:07
Порту эми күч алгандай, буюрса чемпион, Пепени оюнга кошсо Гризманнды такыр жолотпойт
+2
arawan
2016-07-09 00:11:05
bekos2012,точна ушундай болот пепе чыгат гризманнды мыкты кайтарат анткени билет ла лигада ойноп чогуу калыстан коз каранды баары тартып да коёт менимче туркиялык гунет чакыр чыгат болуш керек ал чыкса чесный алып барат деп ишенем оюнду кантсе да оз уйундо француздар 12оюнчу болуп берет дубалдары ишенем португалия чемпион болуп берет гол нани роналду куарежма жон эле чыкпаса керек финалдык оюнга
-1
barsa30
2016-07-08 21:47:55
эх Италияны колдогон элем эми Франция ийгилик !
0
Nureles92
2016-07-09 15:50:13
Францияга тартып койду барибир немистер жакшы ойнойт экен
0
Kainar20
2016-07-10 09:47:37
Nureles92, оба тартып койду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан