8-июлда Франциядагы Европа чемпиондугунун жарым финалында Франция курамасы Германияны утуп, финалга жолдомо алды. 2:0 эсебинде аяктаган беттеште 2 голду тең чабуулчу Антуан Гризманн (сүрөттө) киргизди. Ушуну менен футболчу мелдештеги голдорунун санын 6га жеткирип, башкы бомбардирлердин алдынкы сабындагы ордун бекемдей алды.
Испаниянын "Атлетико" клубунда ойногон футболчунун башкы бомбардирликти дээрлик камсыздады деп айтууга толук негиз бар. Себеби анын жакынкы атаандаштары Криштиану Роналду, Оливье Жиру жана Димитри Пайет сыяктуу футболчулардын эсептеринде үчтөн гана гол бар.
Мелдештеги алдынкы бомбардирлер:
6 гол - Антуан Гризманн (Франция)
3 гол - Гарет Бэйл (Уэльс), Оливье Жиру (Франция), Криштиану Роналду (Португалия), Альваро Мората (Испания), Нани (Португалия), Димитри Пайет (Франция)