Кыргыздын ийилчээк кызы Чынара Мадимкулова Казакстанда өткөн фестивалда алтын медаль алды

Казакстандын Алматы шаарында кечээ, 7-июлда "Эхо Азии-2016" Эл аралык цирк искусствосу боюнча фестиваль жыйынтыкталды. Анда кыргыздын ийилчээк кызы Чынара Мадимкулова буту менен жаа атуу боюнча чеберчилигин мыкты деңгээлде көрсөтүп, алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу маалымат Казакстандын мамлекеттик циркинин интернеттеги өздүк баракчасына жарыяланды.

Фестивалдын жыйынтыгында "Профессионалдуулук жана жогорку аткаруу чеберчилиги" номинациясында 3 алтын медаль Чынара Мадимкуловага, казакстандык Серика Бурашевага жана Роман Маркин жетекчилик кылган орусиялык таланттарга тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kama_future_millioner
2016-07-08 11:14:27
Куттуктайм Чынара дагы ийгиликтер коштосур
+2
kanykey125
2016-07-08 11:16:56
Молодец.Чынара куттуктайм
+2
Kalemkash
2016-07-08 11:39:49
Оо Кыргызстандан канчадан бери жагымдуу жанылык уга элек элем. Куттуктайм! Бул ийгиликтериндин башталышы гана болсун!
+1
lolo.1
2016-07-08 13:11:56
Азаматсын Чика!
0
Kyrgyz-aiym
2016-07-08 13:21:12
ООО мына жакшы жанылык экен куттуктайм! Кыргыз элим бар болсун!
+1
Umar...
2016-07-08 19:56:48
Азаматсыз, ийгиликтерди багынта бериңиз.
0
Uhtishka.
2016-07-09 04:28:30
Азаматсыз ,сыймыктанабыз Кыргыздын ушундай таланттуу уул-кыздары менен .Алга !
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан