Бишкектеги үйлөрдүн бирин тоноого кирип, үй ээсин жана 2 уулун бычактап кеткендер кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери улантылууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Эске салсак, окуя 6-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында борбордогу Тынчтык жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда К.Ү. аттуу үй ээси намаз окууга даярданып жаткан учурда үйүнүн 1-кабатынан бирөөлөрдүн үндөрүн уккан. Бөлмөсүнөн чыккан үй ээси 2-кабатка чыгуучу тепкичтен беттерине медициналык бет кап кийген, болжол менен 20-25 жаштар чамасындагы белгисиз 4 жаранды көргөн. Үйдү тоноого киргендер үй ээси менен мушташып, аны бычакташкан. Кийин өз бөлмөлөрүнөн жардамга чуркап чыккан 26 жана 21 жаштагы уулдарын бир нече жолу бычактап, изин жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн.