Кыргыз спортчусу Денис Петрашов 6-Эл аралык "Азиянын балдары" мелдешинде алтын медаль тагынды. Якутияда өтүп жаткан мелдеште спортчубуз сууда сүзүү боюнча (200 метр аралыкка брасс стилинде) 1-орунду камсыздады. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Бул Кыргыз Республикасынын спортчуларынын аталган мелдештеги экинчи медалы. Буга чейин балбан Тайырбек Жумашбек уулу 38 килограмм салмакта килемге чыгып, коло медаль тагынган.
Кошумчалай кетсек, 6-Эл аралык "Азиянын балдары" мелдеши өспүрүм спортчулардын катышуусунда 17 июлга чейинки аралыкта өткөрүлөт (5-июлда башталган). Анда жалпысынан 22 спорт түрүнөн 321 комплект медаль ойнотулууда.
Бул жолу мелдешке катышууга 38 команданын (Азия өлкөлөрүнөн, Европанын айрым өлкөлөрүнөн жана Орусиянын аймагынан) өкүлдөрү келишти. Спортчулардын саны 3329ду түзөт.
Кыргыз мамлекетинин желеги астында аталган мелдешке 90 спортчу катышууда. Алар 15 спорт түрү боюнча күч сынашмакчы.