"Токмок шаарына жакын жерден орусиялык туристтерди карактап кеткен" деген шек менен милициянын мурунку 2 кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 1974-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну жана 1969-жылы туулган К.К. аттуу шаар тургуну кармалды. Кылмышка шектүүлөр милициянын мурунку кызматкерлери экени жана ушул сыяктуу кылмыштары үчүн жумуштан кетирилгени белгилүү. Учурда алар камакка алынып, кылмышка шектүүлөрдүн дагы башка каракчылык фактыларына катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда.
Эске салсак, 4-июль күнү Токмок шаарына жакын жердеги айланып өтүүчү жолдон Ысык-Көлгө бара жатышкан Орусиянын Дмитрий жана Ирина аттуу эки жаранын өздөрүн “милиция кызматкерибиз” деп тааныштырган белгисиз адамдар карактап кетишкен. Орусиялык жарандар майып баласын Ысык-Көлгө дарыланууга алып бараткандары белгилүү болгон жана 100 евро, 20 миң рубль, 45 миң сом акчасын алдыртып жиберишкен.