МЕДИА-ПОРТАЛ: "Түндүк-түштүгүм" клибин тартууда көп адам менен иштешүү кыйынчылыкты жаратты" дейт Жакут Сыдыков

Куудул Жакут Сыдыков көп кырдуу талант ээси. Куудулдук өнөр менен кошо ырдап да жүргөн Жакут Сыдыковго Наргиза Айтемирова менен чогуу аткарган "Алло" ырынын хит болгону дем бергенби, айтор, ага улай эле "Түндүк-түштүгүм" ырынын клибин тартып чыкты. Клип "Медиа-портал" бөлүмүндө кызуу талкууга алынган.

Ырдын клиби тууралуу Жакут Сыдыков буларга токтолду:

“Түндүк-түштүгүм” чыгармасын ырдап чыгуу идеясы көптөн бери көкүрөктө жүргөн эле. Бир жолу Казакстандын Астана шаарына тойго чакырып калышты. Андыктан тойго чейинки аз гана убакыттын ичинде даяр болгон тамашалуу ыр. Биринчи жолу Астана шаарында ырдадык.

Эми клипке келсек. "Алло" ырынын клиби менен окшоштуктар болушу мүмкүн. Эки клипте теӊ ошол эле каармандар тартылышкан, бирок "Түндүк-түштүгүм" ырынын клибинде башка маани камтылган. Клип бул жакта эле тартылды. Төө-Ашууга чейин эле бардык, Ош шаарына жете алган жокпуз. Көпчүлүк адамдар менен иштешүү көп эле кыйынчылыктарды жаратат. Эл үчүн иштеп жаткандыктан, кыйынчылыктар деле көзгө илинбей калат".

Жакут Сыдыковдун "Түндүк-түштүгүм" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kairatbek1111
2016-07-08 23:32:22
Молодец бөлө бер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан