Алдамчылыкка шектелип Чүй облусунун 38 жаштагы тургуну колго түштү. Бишкек ШИИББинин 9-июлда берген маалыматына таянсак, Бишкек шаарынын 51 жаштагы О.Г. аттуу тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Анда Н. аттуу жигит 2015-жылдын февраль айында Алматы жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинен арыз ээсинин ишенимине кирип, "Новопокровка айылынан жер тилкесин алып берем" деп 1000 доллар акчасын алып кеткен.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 38 жаштагы У.Н. аттуу тургуну кармалып, тергөө бөлүмүнө тапшырылган.