Учурда Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалы өтүп жатат. Анда
Португалия-Франция курамалары беттешүүдө. Азырынча командалар эсепти ача элек.
Оюндун 25-мүнөтүндө Португалия курамасынын лидери Криштиану Роналду жаракатынан улам майданды таштап кетти. Машыктыруучу аны Куарежма менен алмаштырды. Роналдуну дарыгерлер майдандан көтөрүп чыгып кетишти. Футболчу көз жашын тыя алган жок.