Аламүдүн районунда 1 адам сууга чөгүп кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-июль күнү саат 17:35те ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучуларына Ала-Арча-2 суу сактагычына 1 киши чөгүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган жайга барган куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, саат 19:40та сууга чөгүп кеткен 1987-жылы туулган жаранды суудан алып чыгышкан. Маркумдун сөөгү Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.