"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына бара турган Кыргыз Республикасынын спортчуларынын катарын дагы 2 спортчу толуктады. Алар сууда сүзүү спорту менен машыгып келген Денис Петрашов жана Дарья Таланова. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчулар Эл аралык сууда сүзүү федерациясынын чакыруусу менен мелдешке катышуу укугуна ээ болушту.
Кошумчалай кетсек, 5-21-август аралыгында Бразилияда өтө турган Олимпиадага Кыргыз спортчулары 15 жолдомо алышкан (мельдоний чырына байланыштуу Жанарбек Кенжеевдин жолдомосунун тартылып алынганын эсепке албаганда). Жолдомо ээлери: Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, Виктория Полюдина, Илья Тяпкин, грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, Айаал Лазарев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, мушкер Эркин Адылбек уулу жана оор атлетика боюнча улуттук курам, дзюдочулар Юрий Краковецкий менен Отар Бестаев.