Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Токмок шаарында турак жайлардын биринин чатыры күйүп кетти. Анда Весёлая көчөсүндө жайгашкан турак жайдын жыгач устундуу, шифер жабылган 20 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан