Чүй облусунда "терезеден кирип, бычак менен коркутуп 21 жаштагы кызды зордуктаган" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды

Чүй облусунда "терезеден кирип, бычак менен коркутуп 21 жаштагы кызды зордуктаган" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Искра айылынын 21 жаштагы Ж.Г. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 9-июль күнү саат 01:30 чамасында белгисиз жаран үйүнүн терезеси аркылуу кирип, бычак менен коркутуп, күч колдонуу менен зордуктап койгонун билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы З.Б. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда ал камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
japardos
2016-07-11 11:44:52
Олум жазасын киргизбесе мындай окуялар кобойуп кеттиго тообо
+1
Kunbeken
2016-07-11 11:57:06
Бул жапайычылык, эн жийркеничтуу окуя. Бирок бул жерде жашырынган бир нерсе бардай го такталгандан кийинки толлук маалыматты кутобуз Супер-Инфо.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан