Борбор калаада мас абалдагы жаран 3-кабаттан кулап, ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 14:52де "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө "10-кичи райондо жаран 3-кабаттан кулап түштү" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер болжол менен 30 жаштагы мас абалдагы жаран 3-кабаттан кулап, баш мээси чайкалып, көкүрөгүнөн, ички органдарынан ар түрдүү жаракат алганын аныкташкан. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жеткирилген.