Борбор калаада "Орусияда мындан 5 жыл мурун адам өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өлтүрүүгө шектелип эл аралык издөөдө жүргөн Б.Анарбаев 2011-жылы Калмак Республикасынын Элиста шаарынан Д.П.Илюмжинов аттуу жаран менен уруша кетип, аны бир нече жолу бычактап салган. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу өзүнө келбей жатып каза болуп калган. Кийин Анарбаев изин жашыруу максатында Кыргыз Республикасына чыгып кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Б.Анарбаев издөөгө жарыяланган.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Орусиянын жараны Б.Анарбаев 7-июль күнү борбор калаадан кармалып, аны Калмак Республикасына экстрадициялоого чейин 2 айга камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.