SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Президенттин "Судьбе назло" ырын эми кыргыз ырчылары ырдап чыгышты" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Cinderella).
Президент Алмазбек Атамбаевдин "Судьбе назло" ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапты көрүнөт, эми кыргыз шоу дүйнөсүндөгү атактуу ырчылар Салтанат Аширова, Айя Садырова, Жийдеш Идирисова, Омар жана "Non-Stop" дуэтинин ырчылары ырдап чыгышты. Аталган чыгарма өткөн жумада Кайрат Примбердиевдин аткаруусунда да жаңырган эле.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.