Иранда өтчү эрежесиз мушташ боюнча мелдеште 3 кыргыз мушкери 8 бурчтукка чыгат

Бүгүн, 11-июлда Ирандын Керманшах шаарында эрежесиз мушташ боюнча эл аралык мелдеш орун алат. WEF PROFFIGHT-5 "Persian Warriors" деген аталыштагы мелдеште Иран, Ирак, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Ооганстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттердин спортчулары күч сынашмакчы.

SUPER.KG порталына Дүйнөлүк Эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев кабарлагандай, анда кыргыздын намысын 3 мушкер коргойт. Нурлан Токтобакиев 93 килограмм салмакта ирандык Вадих Корманджири менен беттешет. Самат Эмилбеков 77 килограмм салмакта Фарзада Жадериге каршы турса, Бусурманкул Абдибайт уулу 66 килограмм салмакта Реза Разави менен 8 бурчтукта күч сынашат.

Беттеш алдында спортчулардын салмагын өлчөө аземи орун алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Pirimkul
2016-07-11 13:48:34
Молодцы алга кыргыз элим
0
Jazi89
2016-07-11 13:50:33
Алгаа Кыргызстандын палбандары
0
Nemo_0587
2016-07-11 15:00:25
Алга кыргыздын чыныгы эр жигиттери. Кыргыздын намысын коргогула, ийгилик силерге!!!
0
tashi62
2016-07-11 15:34:20
Кыргызымдын алгырлары алга .
0
Kainar20
2016-07-11 16:34:33
Бул нерсе кыргызымдын канында бар бардыгы ер журок кучту калк болобуз ал еми биздин жигиттер жон келбей куржун толтуруп келет коросунор кыйын жигиттер кетиптир
0
argen.kg4
2016-07-11 18:09:25
Данияр Бабакуловдон женилген иранец,Саматка тушот окшойт э.
Алга Кыргызстан алга!
0
Kainar20
2016-07-11 21:07:31
Бусурманкуловко ким тушсода кыйын болуп калат ал накаут менен женип койушу мумкун
0
Beko87
2016-07-12 04:37:19
Ак-аюу жоголдуда эмнегедир?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан