Сокулук районунда баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөн 3 жигит кармалды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын бүгүн, 11-июлда берген маалыматына караганда, кармалгандар 24 жаштагы жарандар. Алардын унаасы Ак-Жол айылындагы посттон токтотулуп, милиция кызматкерлери тарабынан текшерилген. Анын натыйжасында биринин чөнтөгүнөн жана экинчисинин сумкасынан 5 грамм баңгизаты табылган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.