Мушкер Владимир Кличконун Тайсон Фьюриге каршы беттеши белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Украиналык мушкер Владимир Кличконун британиялык Тайсон Фьюриге каршы беттеши белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, беттеш 9-июлда Англиянын Манчестер шаарында орун алышы керек эле. Бирок Фьюри жаракат алып калып, 6-7 апта рингге чыга албасын билдирген.

Кошумчалай кетсек, бул эки мушкер экинчи ирет беттешүү алдында турат. Алгачкы беттеш 2015-жылы ноябрда орун алып, анда британиялык мушкер жеңишке жетишкен. Кличко анда WBA Super, IBF, WBO жана IBO версиялары боюнча чемпиондук наамдарынан кол жууп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aman-moskva
2016-07-12 11:32:02
Карып калды да киличко доору отту ордун бошотуп берсе да болот
0
Gisi
2016-07-12 12:59:16
aaaa bolboibu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан