Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалында Францияны утуп, чемпион аталган Португалия курамасы мекенине кайтты. Улуттук курамды өлкө башчысы Марселу Ребелу де Соза баштаган күйөрмандар кубаныч менен тосуп алышты.
Футболчулар Лиссабондогу аянтка автобус менен келип, миңдеген күйөрмандар менен жолугушту.
Кошумчалай кетсек, Европа чемпиондугу 11-июлга караган түнү аяктады. Португалия курамасы финалда 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Жеңиш голун оюндун 110-мүнөтүндө Эдер жаратты. Алган жаракатына байланыштуу Криштиану Роналду 25-мүнөттө майданды таштап кетүүгө мажбур болгон. Тарыхындагы эң көрүнүктүү ийгиликти жараткан курам чемпиондукту майрамдоону "Стад де Франс" стадионунда баштаган.