Ирандагы эрежесиз мушташ боюнча мелдеште 3 кыргыз мушкери атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда утушту (фоторепортаж)

Кечээ, 11-июлда Ирандын Керманшах шаарында эрежесиз мушташ боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. WEF PROFFIGHT-5 "Persian Warriors" деп аталган мелдеште Иран, Ирак, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Ооганстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттердин спортчулары катышты.

SUPER.KG порталына Дүйнөлүк Эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев кабарлагандай, анда 3 кыргыз мушкери бирден беттеш өткөрүштү. Күндүн башкы беттешинде 77 килограмм салмакта Самат Эмилбеков атаандашы ирандык Фарзад Гадерини 1-раундда утуп алды. Жеңиш үчүн Саматка 2 мүнөт 32 секунда жетиштүү болду.

Мекендешибиз Нурлан Токтобакиев болсо 93 килограмм салмакта ирандык Вадих Корманджири менен кез келди. Кызуу башталган беттеш 1-раундда жыйынтыкталып, Нурлан атаандашты ыкмага салып, кысып утуп алды.

Дагы бир спортчубуз Бусурманкул Абдибайт уулу 66 килограмм салмакта 8 бурчтукка чыкты. Ал дагы башка кыргыз спортчуларындай эле жеңишти 1-раундда камсыздады. Ал атаандашы Реза Разавинин колун чоюп, жер чабууга мажбур кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Malik92
2016-07-12 10:28:18
Аллахым озундун колдоон менен Кыргыз мушкерлери женишке жетишти Альхамдулиллях суйунупатам.
+2
daiyrbekov_91
2016-07-12 10:53:57
Алга,Кыргызымдын Патриот жигиттери
+1
salimbek87.kg
2016-07-12 11:27:34
Ураааа алга Кыргызстан .
0
Jazi89
2016-07-12 11:31:09
Азаматтар кыргыздын жигиттери ,Якутяда дагын дети Азия боюнча спрот ойундары журуп ,анда бир балабыз дюздо дегенби точнасын билбейм ошондой спроттон женип алтын медаль Алды
+1
tashi62
2016-07-12 11:34:18
Jazi89,спорт десең.
0
Jazi89
2016-07-12 11:51:53
tashi62 дюздо деген спорттун
Туруно кирет эркек болсон
Менден жакшы тушунсон керек
0
tashi62
2016-07-12 11:35:38
Ушул жаңылыкты күтүп жаттым эле.
+1
Omush94
2016-07-12 11:51:00
Бул балдар чыгып жургон да мыкты ийгилик
0
sagyndymgooo
2016-07-12 12:06:41
Азаматтар!!
0
talant87
2016-07-12 12:11:00
мамлекет эми колдоп калды спорчуларды ага чейин озун озу колдоп ушул ийгилике жетишти деп ойлойм
+2
Kainar20
2016-07-12 13:05:35
Мен мындайды башында еле билгем кыргыздын каны кучту болот алга кыргызстан
+3
Surprise87
2016-07-12 14:51:52
Молодцы!!
0
avaz-t02
2016-07-12 15:28:39
Балли!!! Алга Кыргыз!!! Азаматсынар!!!
0
Shaa-82
2016-07-12 16:35:38
Азаматтар!!!
0
islan_85
2016-07-13 08:43:42
мен озум женгендей кубанып атам
мен да патриот экенмин
ийгилик дагы алдыда,багындыргыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан