Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда 11, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаарында жайгашкан балдар спорт мектебинин 140 чарчы метр кампасы толугу менен күйүп кетти. Кампанын ичинде сакталган кургак отун жана 6 түп тал да күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.