Францияда өткөн футбол боюнча Европа чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча "Мыкты оюнчу" наамы Антуан Гризманнга ыйгарылды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Алекс Фергюсон, Ален Жиресс, Дэвид Мойес жана башка футбол адистеринен турган топ дал ушундай чечим чыгарды. Франциянын чабуулчусу мелдеште 7 оюн өткөрүп, 6 гол жараткан.
Кошумчалай кетсек, Европа чемпиондугу 11-июлга караган түнү аяктады. Португалия курамасы финалда 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Жеңиш голун оюндун 110-мүнөтүндө Эдер жаратты. Алган жаракатына байланыштуу Криштиану Роналду 25-мүнөттө майданды таштап кетүүгө мажбур болгон.