Борбор калаада алдамчылык фактысына шектелип 55 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы С.У. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 2014-жылы ноябрь айында А. аттуу аял ишенимине кирүү менен "Ак-Ордо жаңы конушунан жер тилке сатып берем" деп 600 миң сом алып, убадасын аткарбаганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 55 жаштагы Б.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда ал ушул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталып, бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда.