Быйыл жол кырсыгы былтыркыга салыштырмалуу 18,6 пайызга кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда маалымат жыйынында ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 6 айында 3032 жол кырсыгы катталса, быйыл жыл башынан бери 2466 жол кырсыгы болгон. Жол кырсыктарынын кесепетинен акыркы 6 айда 397 адам каза тапса, былтыр 441 адам каза тапкан.
“Статистика көрсөтүп жаткандай, акыркы учурларда жол кырсыктарынын саны азаюуда. Бул комплекстүү жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгы”, - деди Баев.
Ошондой эле Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы төмөндөгүлөрдү кошумчалады: “Акыркы 6 айда унааны мас абалда айдоо боюнча 5959, ылдамдыкты жогорулатуу боюнча 24 949, унаанын айнектерин караңгылатуу боюнча 4343, унааны мамлекеттик номуру жок айдоо боюнча 1492 факт катталган”.