Ысык-Көл облусунда эки тергөөчүгө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн эки тергөөчүсү жол кырсыгы боюнча ишти токтотуу үчүн 20 миң сом талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча эки берене менен кылмыш иши козголуп, эки тергөөчү кармалган. Алардын иш бөлмөсүн кароо учурунда 15 миң сом табылган. Учурда ишти Ысык-Көл облустук прокуратурасы тергөөдө.