МЕДИА-ПОРТАЛ: "Нике кайып" ырынын клиби ак жолтой болгон" дейт "Кеӊеш" тобунун ырчысы Мүзүр Мамбетов

2008-жылы "Кеӊеш" тобунун "Нике кайып" ырынын клиби эл арасында популярдуу болгон. Аталган топтун ырчысы Мүзүр Мамбетовдун айтымында, бул чыгарма ак жолтой болуп, топтун кыргыз шоу дүйнөсүнө аралашуусуна себепчи болгон.

"Клиптин идеясы Бекбол Кылычбеков жана Мырза Айдаралиев аттуу жигиттерге таандык. Ошол учурда алар оригиналдуу, сапаттуу клип тартууну баштаган алгачкы клипмейкерлерден эле. Клипте бардык актёрлор ролдорун ушунчалык берилүү, жогорку чеберчилик менен ойноп беришкен. Ошондуктан да клип ийгиликтүү тартылып, популярдуу болду. Ак жолтой чыгарма болуп, биздин кыргыз шоу дүйнөсүнө аралашуубузга, калыӊ элге таанылуубузга себепчи болгон. Экинчи бөлүгүн да тартууну пландаганбыз, бирок андагы башкы каарман кыз менен байланышууга мүмкүн болбой тартылбай калган.

Клипте башкы каарман кыздын Бакыт өргөөсүнөн качып, көп жерлерди чуркап өткөн жери бар эмеспи. Тартуу учурунда кайра-кайра чуркай берип, аябай чарчаган экен. Анын айтымында, кийин 3 күн буттары ооруп, ордунан тура албай уктаган экен. Элестетиӊиз, шиш така менен чуркаган кандай кыйын".

"Кеӊеш" тобунун "Нике кайып" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан