
Саналуу күндөрдөн кийин Бразилияда "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы старт алат. Мелдешке өлкөбүздөн 18 спортчу аттанмакчы. Алардын катарын таэквондочу дагы бир спортчу толуктап калышы мүмкүн эле. Бирок таэквондочулар жолдомо ойнотулуучу мелдеште ийгилик жарата албай, жолдомодон куру калышты. Бул жолу аталган спорт түрүнүн кыргыз спортундагы алган орду, өнүгүшү жана келечеги тууралуу сөз кылмакчыбыз...
25 ЖЫЛДА КЫРГЫЗ ТАЭКВОНДОЧУЛАРЫ АЛТЫН ТАГЫНЫП, ОЛИМПИАДАГА ДА КАТЫШУУГА ЖЕТИШТИ

Таэквондо - Кореядан чыккан мушташ өнөрү. "Таэквондо" - корей тилинен которгондо "буттун жана колдун жолу" деген түшүнүктү берет. Бул спорт түрү Кыргыз жеринде тарыхын 1990-жылы баштап, ушул күнгө чейин тамырын кенен жайып келет. Кыргыз мамлекетинин атынан аталган спорт түрү боюнча ири мелдештерди уткан спортчулар бар. Мисалы, 1994-жылы Малайзиядагы Дүйнө чемпиондугунда А.Катренок күмүш медаль тагынган. 1995-жылы Варшавада өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Е.Мун алтын медалды багындырган. Таэквондо боюнча алгачкы ийгиликтер дал ушулар. Андан кийин өлкөбүздүн спортчулары Дүйнө чемпиондуктарына, Азия биринчиликтерине, Азия оюндарына жана Олимпиада оюндарына катышып келишет. Спорттук мелдештердин пири болгон Олимпиадага өлкө желеги астында Расул Абдураим 2 ирет катышып, медаль тагына алган эмес ("Бээжин-2008", "Лондон-2012"). Ал 68 килограмм салмакта өз күчүн сынаган.
2 ОЛИМПИАДАДАГЫ САЛТ БУЗУЛУП, БЫЙЫЛ ОЛИМПИАДАГА КЫРГЫЗДАР БАРЫШПАЙТ

Бул сүрөттөгү жигит - Марат Ниязов. 18 жаштагы спортчу бир аз тажрыйбалуу болгондо "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына бара турган спортчулардын катарын толукташы мүмкүн эле. Ал апрелде Филиппин аралдарындагы Азиянын тандоо мелдешине катышкан. Алгач ал 58 килограмм салмакта бахрейндик спортчуну 9:1 эсебинде утуп, кийинки баскычка келгенде, бактыга жараша, атаандашы беттеш өткөрүүдөн баш тарткан. Бирок чейрек финалдык беттеш спортчубуз үчүн чоң сыноо болду. Бул баскычта ал Япониянын өкүлү Сузуки Сергио менен беттешип, ич ачыштырган эсеп менен утулуп калды - 2:1. Олимпиада оюндарына жолдомону финалга чыккан эки спортчу илип кетти. "Мага 28 жаштагы спортчу каршы турду... Элестетип көрсөңүз, кандай беттеш болорун. 11 жыл бул спорт түрү менен машыккан бала менен 21 жылдык тажрыйбасы бар спортчу. Албетте, анын кубаттуу, ыкчам соккуларын тосконго жетишпей калган учурлар болуп жатты. Бул жеңилүүнү мен тажрыйба топтоо деп билем. Кийинки Олимпиадаларга сөзсүз барганга аракет кылам, медаль тагынсам деген максатым бар", - дейт спортчу.
"УУЛУМ ЫЙЛАП КЕЛЕ БЕРГЕНИНЕН СПОРТКО БЕРЕЙИН ДЕП ЧЕЧТИМ"
Арыда уулунун машыгуусуна көз салып отурган Мараттын атасы Темирбек Ниязовду кепке тарттык. Ал уулун бул спорт түрүнө өзүн өзү коргогонду үйрөнсүн деген максатта алып келгенин жашырган жок. "Кичинекей кезде бири-бирибиз менен тил табыша албай мушташкан күндөр баарыбыздын эле башыбыздан өткөн. Уулум ыйлап келгенинен ушул спортко бергем. Залга кирсек, Мараттын дагы 5 классташы бар экен. Ошондон баштап уулум машыгып калды. Маратка башында форма алып берүү оор маселе болду. 400 сом турган форманы алуу кыйын болгон. Балдар учурда ийгиликтерди жаратып жатышат. 2020-жылы биринчи жолу Олимпиадага катышат, буюрса. Андан кийинки Олимпиадаларда сөзсүз медаль болот деп ишенем", - дейт ал.

БУЛ СПОРТ ТҮРҮ БУЛЧУҢДАРДЫ ГАНА ЧЫҢАБАЙТ...

Таэквондо WTF федерациясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө аталган спорт түрү менен машыккан спортчулардын басымдуу бөлүгү 5 жаштан 16 жашка чейинки курактагы балдар жана кыздар. Бул спорт түрү булчуңдарды гана чыңдабастан, мекенге болгон сүйүүнү бекемдеп, улууларды урматтоону, кичүүлөрдү ызаттоону үйрөтөт. Башка спорттогудай эле спортчулардын руханий жактан калыптанышына салым кошуп, сабырдуу болууга, талбай эмгектенүүгө, алдыга умтулууга үйрөтөт. "Ар бир залда машыгуулар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен башталат. Андыктан гимнди жаттоо бардык спортчулар үчүн милдеттүү болуп эсептелинет", - деп кошумчаланат федерациянын маалыматында.

Залдарга барып калганда спортчулардын машыгуунун башында жана аягында төрдө илинип турган Түштүк Кореянын жана Кыргыз Республикасынын желегин карап жүгүнгөнүн байкоого болот.
"СПОРТ СОЦИАЛДЫК ЖООПКЕРЧИЛИКТИ МОЮНГА ИЛИП КОЁТ"

Таэквондо менен машыккандардын баары эле чемпион болууну максат кылгандар деп айтуу, албетте, туура эмес. Буга юрист Жоомарт Жолдошев мисал болуп берди. Ал 3 айдан бери аталган спорт түрү менен машыгып, анын пайдаларын аз да болсо түшүнүп калган. Кепке тартканыбызда Жоомарт мырза төмөнкүлөргө токтолду: "Спорт деген залга келип эле машыгып кетүү эмес. Бул сенин моюнуңа жоопкерчиликти илип коёт. Спорт менен достошкон балдардын жаман иштерге барганга убактысы жок болот. Спортчунун физикалык калыбын гана жакшыртуусу эмес, руханий жактан тарбиялануусу да өтө маанилүү".
P.S. Кайсы спорт түрү болбосун, спортчуну 2 жерде сынайт: машыгуу залында жана беттеште... Сабыры түгөнүп, "спортту таштайм" деп айтып, бирок кайра эле залга кайтып келүү көп спортчунун башынан өткөн. Кыргыз спортчуларынын бул сыноолордон татыктуу өтүп, бийиктиктерди багынта берүүсүнө тилектешпиз. Ийгиликтүү спортчулар сыноолорго спорттук карьерасы аяктаганга чейин туруштук беришет эмеспи...