Орусияда сөөгү табылган Кыргыз жаранынын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-июль күнү саат 10:30 чамасында Башкортостандын Тукаев районундагы темир жолдон 53 жаштагы Кыргыз жараны Матибрахим Тулташевдин жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу, полиция жана прокуратура кызматкерлери барышып, Кыргыз жараны киши колдуу болбогонун, анын жүрөк оорусунан улам каза тапканын аныкташкан. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.