Токтогул районунда оор жүк ташуучу унаа Чычкан суусуна кулап, бир адам каза тапты

Токтогул районунда оор жүк ташуучу унаа Чычкан суусуна кулап, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-июль күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында айдоочу оор жүк ташуучу унаасы менен катуу ылдамдыкта келе жатып бурулуштан рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен унаа Чычкан суусуна кулап кеткен. Ичинде эки адам болгон. Айдоочу денесинен жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми экинчи адам кырсык болгон жерден каза тапкан. Учурда анын аты-жөнү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан