Бишкек-Ош унаа жолуна кара чайыр (битум) төгүлүп, унаа кыймылына тоскоолдук жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 12-июль күнү саат 09:30 чамасында Кара-Көл шаарындагы Капчыгай тилкесинде болгон. Анда Бишкек-Ош унаа жолунун 380-чакырымында бараткан унаа оодарылып, ичиндеги кара чайыр жолго төгүлгөн. Мындан улам унаа кыймылына тоскоолдук жаралган. Саат 10:30 чамасында жол толук тазаланып, жол каттамы ачылган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.