Борбор калаада унаадан 11 миң сом уурдоого шектелип 76 жаштагы карыя кармалды

Борбор калаада унаадан 11 миң сом уурдоого шектелип 76 жаштагы карыя кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен М.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 11-июлда саат 20:30 чамасында белгисиз адамдар үйүнүн жанында токтоп турган унаасынын ичинен 11 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген. Ленин РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 76 жаштагы Я.В. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
evidens
2016-07-13 14:06:34
жон эле журбойсунбу Эми каарыганда
0
kubat_73
2016-07-13 14:16:19
Кызыксын го карыган кишиге жашоонун кереги жок бекен жумуш жок болсо пенсиясы аз болсо бала бакырасы жок же карабай кетсе ууру кылат да.Карыган киши эмес булчуну буура санындай жигиттер ууру кылып жатат.
-4
jakilik
2016-07-13 14:21:22
Жаштар карматпай кетип карыган кишини кармашканго.
0
ilgis1991
2016-07-13 14:30:01
Карыя кыргыз бекен.Айтайын дегеним кыргыздарда намыс бар го айрыкча чал кемпирлерде.
-2
Araika
2016-07-13 14:30:38
Азыр карыгандарга деле ишенич жок мен бир жашы откон эле карыяга 1000 сомго алдангам. Ошондон кийин карыган адамга деле ишенич жок экенине козум жетти.
-3
Mediziner
2016-07-13 15:26:45
Бул жерде "шектелип"деп жазылып жатат го.. Боорондон мурда чаң чыгара бересиңер да.. Карыянын эч кандай тиешеси жоктур балким. Анан да кыргыз эмес, башка эле улуттан окшойт го, аты-жөнүнүн баш тамгаларына караганда.
0
KaiMak
2016-07-13 15:29:50
Mediziner,баардыгыле шектууу катары деп кармалат да. Бекеринен да шектуу эмес да. Кыргыз эмес бул. Кыргыздын каарылары мындайга барбайт деп ойлойм
0
Saji
2016-07-14 01:17:32
Ой кудай озун сакта.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан