Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунда катталган жол кырсыгынан 1 адам каза таап, 4 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 12-июлда саат 12:25тер чамасында Тамчы айылында орун алган. Анда Мерседес үлгүсүндөгү унаа менен Ауди үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада 1 аял каза болуп, 4 адам ар түрдүү жаракаттарды алган.