Орусиядагы "Азия балдары" мелдешинде кыргыз мушкери Илгиз Матмусаев алтын медаль тагынды

Кыргыз мушкери Илгиз Матмусаев Якутияда өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы "Азия балдары" Эл аралык мелдешинде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 13-июлда бокс боюнча мелдештердин финалы орун алды. Анда кыргыз спортчусу 57 килограмм салмакта Сибирь Федералдык округунун өкүлү Сергей Клюевди утуп, чемпион аталды.

Ал эми Дастанбек Ормонов (48 килограмм салмакта), Санжар Сейдакматов (52 килограмм салмакта), Урмат Бектурсунов (75 килограмм салмакта) жана Сулайман Сүйүнбек уулу (70 килограмм салмакта) коло медалдарды тагынышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
M89
2016-07-13 17:21:29
Куттуктайбыз. Азаматсын!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан