Азия чемпиондугун багынтып, алтын медаль тагынган спортчуну Ош шаардык мэриясы тосуп алды

Азия чемпиондугун багынтып, алтын медаль тагынган спортчуну Ош шаардык мэриясы тосуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште ийгилик жаратып, алтын медаль тагынган спортчу Акжол Махмудовду Ош шаарынын мэриясынан атайын өкүлдөр салтанаттуу тосуп алышты.

Белгилей кетсек, Азия чемпиондугу 7-июлдан 10-июлга чейин Кытайдын Тайчжунг шаарында өткөн. Акжол Махмудов 69 килограмм салмакта күч сынашып, алтын медаль тагынган. Чемпиондук наамды 400гө жакын балбан талашкан.

Кыргыз Республикасынан барган курама команда командалык тайпада 3-орунду багындырып, 2 алтын, 1 күмүш, 4 коло медаль менен кайтышты.

Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев спортчуга ак калпак кийгизип, жетишкен ийгиликтер менен куттуктады.

Буга чейин Акжол Махмудов 2014-жылы Индияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча мелдеште да биринчиликти камсыздап, Азия чемпиондугу аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Abdurahman
2016-07-13 15:24:00
Курулай эле куттуктап коюштубу ошондо?
-1
KaiMak
2016-07-13 15:25:21
Abdurahman, мэрия куттуктаганда тушуно берсен....
+2
lolo.1
2016-07-13 15:44:53
Коз тийбесин чемпион!
+3
mamashovich88
2016-07-13 16:14:09
Азамат чемпион дагы дагы ийгилик. Ал эми мериядагыларга да чоон ийгилик жаралды. Анткени чемпионду тостук деп отчет кылып кыйла эле айрым адамдардын капчыгы кампаят. Даяр шылтоо болбодубу. ... ии кайран элим кайда бара жатабыз дебестен кайран бийлик каякка кетип жатасынар деп сураш керек. (Эгер качсанар) Бизди го бир тунгуюкка алып баратканы айдан ачык. Не болсо да бар бололу бир бололу ток бололу
+2
KaiMak
2016-07-13 16:31:36
mamashovich88,от души братан)
+1
Кайрат
2016-07-13 17:36:20
Бу ошто канча вице-мер бар өзү? Вице мерлерден мен Кутманали мырзаны билет элем. Анан ар кандай иш чараларда вице мер катышты дейт ар кимисинде ар башка фамилья. Менимче Айтмамат болуштун бир он чакты вицеси бар мне балээ
+3
Belek2070
2016-07-13 18:18:34
Эркек экенсин укам куттуктайм чемпион.
0
Beksultan-007
2016-07-14 09:42:56
Хотябы машине белек кылыш керек болчу тренери менен чемпионго. Канчалаган мээнет,мандай терин тогуп кыргыздын атын чыгарып Келди. Молодец братишка.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан