МЕДИА-ПОРТАЛ: Расул Маматкулов үй-бүлө баалуу экенин көрсөткөн "Сенсиз мага дүйнө караңгы" клибин тартуулады

Белгилүү ырчы Расул Маматкулов "Сенсиз мага дүйнө караңгы" ырынын клибин күйөрмандарына тартуулады. Чыгарма ырчынын жубайына арналып жазылган. Клиптин сюжети мындан 2-3 жыл мурда жазылган. Тартуу иштери тууралуу ырчы мындай дейт:

"Ар бир үй-бүлөдө сөзсүз казан-аяк кагышып, келишпестиктер болот эмеспи. Бир жолу үй-бүлөм менен конокко бармай болгонбуз. Балдар даярданып алып мени күтүп отура беришиптир. А мен болсо бильярдга алаксып үйгө аябай кеч келдим. Жубайым ошондо эч бир ашыкча сөз айткан жок, мен уктап калганда муздаткычка тамак-ашты толтуруп, балдарды алып кетип калыптыр. Кайда кеткенин да айтышкан эмес. Ошондо үйдө өзүм жалгыз калып, жубайымдын, балдардын кадырын билип, "Дүйнө сенсиз мага караңгы" деген чыгарманы жараткам.

"Сенсиз мага дүйнө караңгы" ырына клип тартууда үй-бүлө баарынан баалуу экенин көрсөтүп, ошого ылайыктап сюжет иштеп чыктык. Клип кыйынчылыктарсыз бат эле тартылды. Кичинекей кызым, неберем тартылышты".

Расул Маматкуловдун "Дүйнө караңгы" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jazim93
2016-07-18 13:15:35
Ыр да ...клип да жакты....
0
jany-aryk
2016-07-18 14:07:22
Magada jakty..super
0
jazolina
2016-07-18 15:37:27
Сонун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан