Орусияда Кыргыз өлкөсүнүн жарандары бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, 2 адам каза тапты

Орусияда Кыргыз өлкөсүнүн жарандары бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда орусиялык маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ Саратов облусунун Ершов районундагы трассада болгон. Анда Казакстанды көздөй келе жаткан минивэн жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү каза тапкан. Ал эми беш адам ооруканага жаткырылган. Унаадагылардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Beko87
2016-07-14 10:18:40
Аа байкуштар кирди чыктыга бара жаткангоо.кудай сактасын кутулбогон окуядан(
+2
jymabay1982
2016-07-14 12:30:06
Кирди чыктыгы каттаган таксистер бирибиринди контроль кылып койсонор азгана Кыргыз кырылып калбайлы энесинин котудон тушкон дагы шопур болуп алган барып келгенден кийн жок дегенде алты саат уктап алгыла менин жеке пикирим арасында ойнош ойногон же сойкулук кылнан арам жургондор болсо шолордун кесепети уруп кетет
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан