Күйөөсүн жиликтеген келиндин иши боюнча курбусу суракка алынды

Бүгүн, 14-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин ишин карап жатат. Анда кылмышка шектүү Айдай Субанованын курбусу Ч.М. суракка алынды.

Мен Айдайды 6-класстан бери тааныйм. Окуя болордон мурун экөөбүз Ысык-Көлдөн келгенбиз. Мен Айдайга акча беришим керек болчу. Соода борборлорунун бирине кирип банкоматтан акча алып, ага бергем. Биз 5 мүнөттөй сүйлөшүп, анан тарап кеткенбиз. Алардын үй-бүлөлүк мамилеси тууралуу эч кандай маалыматым жок. Окуя тууралуу интернет булактарынан билдим”, - деди күбө.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
leilek_suluktu
2016-07-14 11:51:52
Тынчып кетпеди ушул кыз
0
Kyrgyz-aiym
2016-07-14 12:17:03
Эшматты Ташматты сурака алып отурушуп акыры бул ишти жаап койбосо эле болду эми
+8
Palan4a
2016-07-14 12:44:41
Сурака албаган адамы калбады окшойт?! Уже унутулуп деле калайын деди?!
+4
Munar8625
2016-07-14 12:47:49
Менин ойумча АКЧАны тыкса керекта, 1жыл болдуго .
+4
nargis
2016-07-14 13:34:16
Аялы моюнуна алса дагы кимди издеп жатышат .
+5
zara__
2016-07-14 15:09:43
Ошода неге итинен питине чейин сурак алыштат же илешкен жери болбосо башкалардын эмнени издешип жатышат.
+3
nura.177
2016-07-14 17:19:34
Акчасы болсо мен кылдым десе да камабайт экенда биздин соттор
+3
fanatka19
2016-07-22 18:10:26
Ушул келиндин сотун күтө берип каарымай болдум.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан