Орусияда жол кырсыгына кабылган Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын аты-жөнү белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин бүгүн, 14-июлда тараткан маалыматына караганда, кырсыктан эки адам каза таап, 4 адам жабыркаган.
“1986-жылы туулган Мирлан Жолдошбаев жана 1997-жылы туулган Арген Качкынбаев жол кырсыгынан каза тапкан. Ал эми 1981-жылы туулган Абай Токтогулов, 1996-жылы туулган Тагай Сариев, 1989-жылы туулган Алтынай Татаева, 1991-жылы туулган Токтосун уулу Арсланбек денесинен ар кандай жарааттарды алышып, Ершов райондук ооруканасына жеткирилген”, - деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Айта кетсек, жол кырсыгы 13-июль күнү саат 12:20 чамасында Орусиянын Саратов облусунда болгон. Анда 7 орундуу Тойота Эстима унаасы жолдон чыгып, аңтарылып кеткен.