2016-жыл - Тарых жана маданият жылына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик СТВ телерадиокомпаниясы менен биргеликте "Жалын-2016" музыкалык сынагын жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Баш байгеге Бишкек шаарынан батир коюлууда.18 жаштан 30 жашка чейинки чоң сахнага чыгууну же профессионал артист болууну самагандар сынакка катыша алышат. "Жалын-2016" - реалити-шоу форматындагы музыкалык телевизиондук долбоор. Анда эки турдан тандалып алынган жаштар катышат. Тандалып алынгандар менен вокалисттер жана шоу дүйнөнүн, сахнанын профессионалдары жыйынтыктоочу гала-концертке даярдашат. Жеңүүчү гала-концертте аныкталат. Биринчи кастинг 26-августта Ош шаарында, экинчиси 15-сентябрда Бишкекте өтөт", - деп айтылат маалыматта.