"Медиа-портал" бөлүмүндөгү ырчылар Роза Шакирова, Айнура Салахидинова, Азиза аткарган "Эсиңдеби, курбум, баягы?" аталышындагы ырдын клибинде айылдын жашоосу чагылдырылат. Колдонуучулар арасында чыгарма кызуу талкууга алынып, ырчылардын жөнөкөйлүгүн жактырышса, айрымдары сындап чыгышкан.
Айнура Салахидинова клип тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: "Баягы эле машина, макияж, клип" деген сыяктуу сөздөр болбош үчүн үчөөбүз (Роза Шакирова, Азиза) айыл жергесин, андагы келиндердин образын чагылдырууну, артист көйнөктөрсүз эле жөнөкөй кийинип клип тартууну чечкенбиз. Туугандарыбыздын үйүнө барып, алар кой союп, бизди аябай сыйлашкан. Клипти эс алганча ойноп, бат эле тартып бүткөнбүз. Айылда кандай жумуш болсо, ошонун баарын жасап клипке тартылганбыз. Бул чыгармабызды аябай талкуулашкан, көрсө, элге жөнөкөйлүк жагат экен. Жылуу кабыл алышып, "бизге ушундай нерсе жакын да, айылга бир барып келгендей эле болдук, жакшы клип болуптур" дегендер да, терс пикирин билдиргендер да болгон".
Клип 2015-жылы Чүй облусундагы айылдардын биринде тартылган. Бул жогоруда аталган үч ырчынын чогуу аткарган экинчи ыры.
"Эсиңдеби, курбум, баягы?" ырдын клибин бул жерден көрүңүз.