Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда Чычкан суусуна түшүп кеткен унаанын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чычкан суусуна коон жүктөлгөн Спринтер үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Унаанын 1987-жылы туулган Алмаз К. аттуу жүргүнчүсү унаадан өзү чыгып ооруканага кайрылган. Ал эми унаанын 1970-жылы туулган Бекназар Б. аттуу айдоочусу учурда изделүүдө. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар аны издеп, бирок табышкан эмес.