Франциянын Ницца шаарында 14-июлда теракт катталып, 80дей адам каза тапты. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, окуядан жаракат алгандардын саны 120дан ашат. Франциялыктар "Бастилиянын алынган күнү" улуттук майрамын белгилеп жатышкан маалда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу унааны эл топтолуп турган жерди көздөй айдаган.
Айдоочу полиция кызматкерлери тарабынан атылып өлтүрүлгөнү маалымдалды. Франция бийлиги бул окуяга террорчуларды айыптады. Шаар бийлиги жергиликтүү тургундарды сыртка чыкпай турууга чакырды.