Чүй облусунда сууга агып кеткен 9 жаштагы баланын денеси 4 күндөн кийин табылды

Чүй облусунда сууга агып кеткен 9 жаштагы баланын денеси 4 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-июль күнү 9 жаштагы Ысык-Ата районунун Төмөнкү Серафимовка айылынын Евгений Комаров аттуу тургуну тез аккан сууга түшүп кеткен. "10-июлда саат 19:19да КРнын ӨКМнын №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тез аккан каналга түшүп кетти делген 2007-жылы туулган Е.Комаровду издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок издөө иштери эч кандай натыйжа берген эмес. Ал эми кечээ, 14-июлда саат 09:30 чамасында баланын жансыз денеси жергиликтүү калк тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан